• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.20 /Кабар/. Бүгүн, 14-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө прокурор айыпталуучулардын баш коргоо чарасын эки айга узартууну сурады.

Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккан судья өтүнүчтү канааттандырды.

Ошентип, күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу кийинки соттук угуу 17-январга жылдырылды .

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий