• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз соода жүргүзгөн 26 түйүн жоюлду

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бишкектин "Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жайларды текшерүү боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз соода жүргүзгөн 26 түйүн жоюлду.

"Ошондой эле көчөлөрдө башаламан соода кылгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий