• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткен облусуна 9 тез жардам унаасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Ислам банкынын COVID-19 долбоорунун алкагында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 9 тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тез жардам унааларын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тапшырып, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык техникалык базасынын чыңдалышы, жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө болоорун белгиледи. Ошондой эле алдыда тез жардам унаасына болгон муктаждыкты жеңилдетүү аракеттери уланарын кошумчалады.

Тапшырылган техникаларды эсепке алганда облуста тез жардам унааларынын саны 53тү түздү. 2020-жылы облуска мамлекет тарабынан 8, демөөрчүлөрдүн эсебинен 9 тез жардам унаасы алынган.

Пикир

Оставить комментарий