• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыясында суу нугун буруп, жээк бекемдөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кечээ, 5-май күнү, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Карача айылындагы Кара-Үңкүр дарыясында суусунун деңгээли көтөрүлүп, жашоочулардын турак жайларына коркунуч жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 10го жакын техника тартылып, алдын алуу жумуштары аткарылууда. Бүгүн аталган жайга облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов барып, абалды жеринен көрүп, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жалал-Абад облусунда жалпы 82 объектте алдын алуу, жээк бекемдөө иштери планга киргизилген. Учурда анын 21инде жумуш башталып, 18инде бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий