• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бажычылар радиациялык контролду жана коопсуздукту камсыздоо боюнча курстан өттү

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. «Нарын» бажысынын 12 кызматкери «Радиациялык контролду жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо» темасында курс өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар 11-15-апрелде «Нарын» бажысынын базасында өткөрүлдү.

Окуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине караштуу АКШнын Энергетика министрлигинин Ядердик материалдардын контрабандасына бөгөт коюу жана табуу программасынын колдоосу менен өткөрүлдү. Максаты – бажы органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.

«Торугарт» өткөрүү пунктунда практикалык сабактарды өткөрүү үчүн ВМФ «Групп» РПМди техникалык тейлөөчү компаниясынын эксперттери тартылышкан. Семинардан кийин угуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий