• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бекзат Алмаз уулу эл аралык мелдеште коло байге багындырды

Спорт 0

Бишкек, 26.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Бекзат Алмаз уулу эркин күрөшү боюнча 57 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта армениялык Манвел Хндзрцянды 4:2 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков (82 кг) күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) менен Раззак Бейшекеев (67кг) коло, эркин күрөшү боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий