• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү кызматтарына накталай эмес төлөө боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Билим 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте алгачкы жолу билим берүү кызматтары үчүн төлөмдөрдү (жогорку окуу жайларында окуу үчүн төлөм жана башка) QR-код колдонуу менен накталай эмес формада кабыл алууну ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорго старт берилди.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган пилоттук долбоорду ишке ашырууга И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тандалып алынган.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койгон буйрукка ылайык, пилоттук долбоор макамы бар жогорку окуу жайларынын жана “РСК” банк, “МПЦ”, ЖЧК “АВН”, ЖЧК “E-Bilim” катышуусунда 3 ай жүргүзүлөт. Андан соң долбоордун жыйынтыгы жогорку окуу жайларына жайылтылат.

Бул пилоттук долбоор финансылык каражаттарды жүгүртүүдө ачык-айкындуулукту жана убакытты үнөмдөөнү камсыздайт.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор мамлекеттик жана башка төлөмдөрдү жана которууларды эки өлчөмдүү штрих-коддук символдорду колдонуу аркылуу төлөө ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча Жол картасынын 1.2-пунктун ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий