• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министри Оштогу зээндүү балдардын жатак-лицейинен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак-лицейине барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр аталган лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамаат жана окуучулар менен жолугушту. Ошондой эле билим берүү мекемесине министрликтин атынан компьютерлерди белекке берди.

624 окуучуга ылайыкташтырылган жатак-лицей өлкө боюнча балдарды кабыл алат.

Мындан сырткары, министр “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунан дагы кабар алды.

Пикир

Оставить комментарий