• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министрлиги райондук билим берүү жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Кечээ, 12-декабрь күнү Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаары жана Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектептердин тарбия иштери боюнча директорлору жана социалдык педагогдор менен онлайн жыйын курду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, онлайн жыйын билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекованын жетекчилиги астында "Зомбулуксуз мектеп" программасынын алкагында аткарылып жаткан жумуштар боюнча өткөрүлгөн.

Алгач Ош шаары менен түз байланыш уюштурулуп, шаардагы билим берүү мекемелеринде "Зомбулуксуз мектеп" программасынын алкагында жыл ичинде жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, программага жүргүзүлгөн анализдер боюнча маалыматтар угулган.

"Андан кийин Ош облусундагы жети иннновациялык мектеп менен онлайн жыйын өткөрүлдү. Ар бир мектептин жетекчилиги менен тобокелдик тобундагы балдарга кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү, социалдык педагогдордун компетенттүүлүгү, алардын жумушунда жаралган көйгөйлөр тууралуу талкуу жүрдү", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик онлайн жыйындарды 17-декабрга чейин республиканын башка облустарындагы мектептердин тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары жана соцпедагогдор менен өткөрмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий