• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБдеги авария. Эки жабырлануучунун денесинин 80%ы күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркагандардын абалы тууралуу айтты.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен 5 жабырлануучу Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

"Жабырлануучулардын үчөө өрттөн 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Алардын экөөнүн бети, моюну жана тулку бою, буттары, тактап айтканда, денесинин 80%ы күйгөн. Экөө тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Үчүнчү жабырлануучу эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган - 10%ы күйгөн. Ал да ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда.

Төртүнчү жабырлануучу тизесинен жаракат алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, ал дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Аталган аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий