• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 1 аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда эки унаа кагылышты. Натыйжада 1 адам каза болуп, дагы бир жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 1-июлда болжол менен саат 10:06да катталган.

“Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаа менен “Мазда” унаасы кагылышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып каза болгон маркумдун жансыз денесин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган бир адам Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий