• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте 18-июнда аталар күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкек шаарында 18-июнда Кыргыз Республикасынын жана ЮНИСЕФдин демилгеси менен эл аралык “Аталар күнү” белгиленет.

Бул күнү баш калаадагы мекемелерде оюн-зоок жана билим берүү борборлорунда, дүкөндөрдө #Супер Ата #Мыкты Ата акциясы өтөрүн уюштуруучулар билдирди. “Эгер сиз өзүнүз ата болсоңуз же атаңыз менен келип, кассага “Супер ата” сунуштоо кодун айтсаңыз, анда сиз белектерге жана арзандатууларга ээ болосуз”,- деп билдиришти уюштуруучулар.

Ошондой эле, бул күнү Жеңиш паркында “Батберек учуру фестивалы” өтөт. Аянтта саат 17:00 баштап батберек, учак жана самын көбүктөрүн жасоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлөт.

Акция өтүүчү жайлардын тизмелери:

«Burger House» тез татым кафеси

«Change » кофеканасы

«Octavia Coffe Shop & Bar» кофеканасы

«ICE BOOK» китепканасы

«Phankros» кроссовка магазини

«Smile» спорттук оюн-зоок комплекси

«Аркан токой» паркы

«Kyrgyz organic » AK компания

«Dodo PIZZA» Кафе-пиццериясы

«Murakami» кофеканасы

«Traveler`s coffe» кофеканасы

«SIERRA» кофеканасы

«Fresco»

«Bravo» комплекси

«Chinatown» рестораны

«Баскин роббинс» Балмуздак кафеси

«BOOM Studio» ивент-агенттиги

«Kaliso» акваклубу

«Mr.Nice» чач тарач

«Marshal Barbershop» чач тарач

«Creativ» дүкөнү

«The Host» рестораны

18-июнга чейин бул тизме толукталат.

Пикир

Оставить комментарий