• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чолпон-Атада окумуштуулар билим берүүдөгү инновацияларды талкуулашууда

Билим 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Чолпон-Атада окумуштуулар билим берүүдөгү инновацияларды талкуулашууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-июлунан 12-июлуна чейин Билим берүү министрлиги, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору (ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы биринчи клубу) Чолпон-Ата шаарында “Тарыхый эс-тутум, элдердин салттары жана кошумча билим берүүдөгү инновациялар” аттуу X Эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүдө.

Конференция “Ысык-Көл досторун чакырат” Эл аралык этно-карнавалынын алкагында уюштурулуп, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын ишке ашырууга багытталган.

Конференциянын негизги максаты - педагогиканын инновациялык идеяларын өнүктүрүү жана жайылтуу, тарыхый эс тутумдун жана кошумча билим берүүнүн салттарынын негизинде идеяларды ишке ашыруунун актуалдуу стратегияларын издөө.

Конференцияга алыскы жана жакынкы 9 өлкөдөн билим берүү тармагындагы 140ка жакын алдыңкы окумуштуулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий