• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте англис тилинин орфографиясы боюнча сынак өтөт. Жеңүүчүлөр Ташкенттеги жарышка катышат

Билим 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Лингва инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте англис тилинин орфографиялык Spelling Bee улуттук сынагын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынак 29-октябрда саат 11:00дө Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Америка борборунда өтүп, ага облустук сынакта жеңүүчү болгон 24 талапкер катышат.

Быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан сынак Кыргызстандын жаштарын англис тилин үйрөнүүгө шыктандырып, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталат.

Spelling Bee улуттук сынагынын эң мыкты үч жеңүүчүсү 2022-жылдын ноябрында Ташкент шаарында өтө турган Борбордук Азия регионалдык орфографиялык Spelling Bee сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

Орфографиялык сынактын шарты боюнча катышуучулары уккан сөздөрдү сөздүктө жазылгандай, туура тамгалап айтып бериши керек. Сынактын эрежеси боюнча катышуучу сөздү уккандан кийин кайталап берүүнү, аныктамасын, cөз түркүмүн, сөздүн этимологиясын жана аны сүйлөмдө колдонуп мисал берүүнү сурай алат. Англис тилинде башка тилдерден кирген сөздөр көп болгондуктан, сөздөрдүн татаалдыгы да ар кандай болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий