• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпиондорун аныктоо үчүн таймаш башталды – сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында бильярд боюнча өлкө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Турнир 18-20-апрелде "Талисман" бильярд клубунда өтүп, ага өлкөнүн аймактарынан чогулган 80 спортчу катышууда. Алардын арасында дүйнө чемпиондору, дүйнө чемпионаттарынын байге ээлери жана жаш спортчулар бар.

Турнирдин ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Бактыбек Кудайбергенов, бильярд күйөрмандары жана башкалар катышты.

Мелдештин максаты – Кыргызстанда бильярд спортун жайылтуу, жаштардын бильярдка болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий