• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Интерпол линиясы аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча ыкчам кызматкерлери ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын аймагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Интерпол линиясы боюнча мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө жүргөн 1981-жылы туулган Түркиянын жараны кармалды.

Маалыматка ылайык, Түркиянын жараны Казакстандын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө турган.

Азыркы учурда жогоруда кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий