• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте монгол романстарынын кечеси болот

Маданият 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Монголиянын эмгек сиңирген артисти, эл аралык вокалисттердин конкурстарынын лауреаты Уянги Уншихбаярдын аткаруусундагы монгол романстарынын кечеси болот.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 4-апрелде саат 18:00дө башталат.

“Популярдуу монгол чыгармаларынын кайталангыс обондоруна жана Уянги Уншихбаярдын кооз үнүнө күбө болуңуз”, - деп айтылат маалыматта.

Билеттерди театрдын кассасынан жана Ticket.kg сайтынан сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий