• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте орус тилдүү билим берүү уюмдарынын директорлорунун форуму өтөт

Билим 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-22-октябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын орус тилинде окутуучу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форумду КР Билим берүү жана илим министрлиги Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурууда.

Форумду өткөрүүнүн максаты – Кыргыз Республикасынын орус тилинде окуткан орто мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле сапаттуу окуу процессин уюштурууга, республиканын мектептеринде орус тилинде билим берүүнү өнүктүрүүгө жана Россия Федерациясынын тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдары менен кызматташтыкты арттырууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу.

Форумга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Бишкек, Ош шаарларынан жана Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарынан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору, ошондой эле билим берүү тармагындагы адистер келип катышат.

Форумга катышуу үчүн Россиядан билим берүү жаатындагы адистердин делегациясы, анын ичинде Россиянын ар кайсы аймактарынан (Москва, Курск, Пенза) мектеп директорлору, орус тилин жана адабиятын окутуу методикасы жаатындагы адистер, россиялык басмалардын (“Просвещение”, “Русский язык”, “Союз художников”), “Русская гуманитарная миссия” гуманитардык программасын колдоо уюмунун, “Русский мир” фондунун, “Экономика жогорку мектеби” улуттук изилдөө университетинин өкүлдөрү келишет.

Биринчи күнү (2021-жылдын 21-октябрында, саат 10:00дөн 18:30га чейин) DAMAS International Hotel мейманканасында форумдун салтанаттуу ачылышы жана пленардык жыйындар болот.

Экинчи күнү (2021-жылдын 22-октябрында, саат 10:00дөн 18:20га чейин) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин аянтчаларында эки багыт боюнча секциялык форматта иш-чаралар өткөрүлөт.

Секциялык жыйындардын жүрүшүндө Россиядагы билим берүү уюмдарынын тажрыйбалуу методисттери тарабынан белгилүү бир тематикалар боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий