• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өспүрүмдөр арасында бел боо күрөшү боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. 11-13-июнь аралыгында Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин спорт базасында бел боо күрөшү боюнча борбордун ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чемпионатка борбор калаадан 150 балбан катышат.

Өспүрүмдөр арасында спорттун бул түрүн Кыргызстанда кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана республиканын эң күчтүү спортчусун аныктоо максатында өткөрүлөт.

Чемпионаттын ачылышы 11-июнда саат 12:00дө Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде болот (Чыгыш-5 кичи району, 21-корпус).

Иш-чараны дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев жана КРнын Бел боо күрөшү федерациясынын президенти Валерий Фуфачев ачышат.

Пикир

Оставить комментарий