• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте спорттук мектептин окуучулары арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Бишкектеги спорттук мектептин окуучулары арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке 12 командадан 111 спортчу катышты.

Мелдештин максаты – Кыргызстанда оор атлетиканы кеңири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, райондор менен облустар ортосундагы достук байланышты мындан ары чыңдоо жана оор атлетика боюнча улуттук курама команданы толуктоо болуп саналат.

Оор атлетика боюнча Бишкек шаарындагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары байгелүү орундарга ээ болушту:

- I орун - Иззат Артыков, 73 кг салмакта;
- I орун - Курбан Кочкаров, 81 кг салмакта;
- 1-орун - Эмил Молдодосов 96 кг салмакта;
- I орун - Бекдөөлөт Расулбеков, 109 кг салмакта;
- I орун - Аскар Арзымбаев, +109 кг салмакта;
- II орун - Марлис Алмазбек, 55 кг салмакта;
- III орун - Кылымбек Чалов, 61 кг салмакта;
- III орун - Азамат Жайлообек уулу, 73 кг салмакта;
- III орун - Эльзар Таиров, 81 кг салмакта;
- III орун - Дилмурат Курбанахун уулу, 89 кг салмакта;
- III орун - Константин Черепанов, 102 кг салмакта;
- III орун - Мухаммед Минназаров, +109 кг салмакта.

Кыздар:
- I орун - Анжелика Платова, 64 кг салмакта;
- 1-орун - Айгерим Бекболиева, +87 кг салмакта;
- II орун - Анисия Байгачева, +87 кг салмакта.

Пикир

Оставить комментарий