• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриянын маалыматына караганда, район башчысы Жаныбек Орозалиев Төкөлдөш жаңы конушундагы турак жайларды газдаштырууга катышты.

Бүгүнкү күндө Октябрь району боюнча Төкөлдөш, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарындагы 7 миң 808 турак жайдын ичинен 4 миң 363 турак жай жаратылыш газына кошулуду, бул 56%ды түздү.

Белгилей кетсек, акимчиликтин кызматкерлери №6 МАБ, кварталдык комитеттер менен биргеликте жер-жерлерде курулуш-монтаждоо иштеринин баалары жана газ бөлүштүрүүчү тармактарга кошулуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясы тургундарды абанын булганышын кыйла азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдик түрүнө өтүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий