• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Боруссия" клубу италиялык "Интер" командасын 3:2 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 4-турунда "Боруссия" клубу италиялык "Интер" командасын 3:2 эсебинде жеңип алды.

"Зигналь-Идуана-парк" стадионунда өткөн беттеште алгачкы голду оюндун 5-мүнөтүндө "Интердин" оюнчусу Лаутаро Мартинес киргизди. Ошондой эле оюндун 40-мүнөтүндө Матиас Весино италиялык командага экинчи голду алып келди.

"Боруссия" клубунун оюнчулары Ашраф Хакими (2 гол), Юлиан Брандт өз командасына жеңишти алып келди.

Эки команда тең F тайпасында орун алган. Оюндун жыйынтыгында "Боруссия" 7 упай менен экинчи орунга жайгашса, "Интер" 4 упайы менен үчүнчү орунда турат.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 4-турунда дагы бир катар оюндар болуп өттү. Алар "Барселона" менен "Славия" (0:0), "Ливерпуль" менен "Генк" (2:1), "Валенсия" менен "Лилль" (4:1).

Пикир

Оставить комментарий