• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Быйыл көк бөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, ага канча команда катышары азырынча белгисиз.

"Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу 20-августта аяктайт. Андан кийин командалар оюнчулардын жана аттардын абалына жараша чечим чыгарышат. Ошто өтө турган президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Пикир

Оставить комментарий