• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чынбаева өлкөдөгү соцкоргоо жана балдарды коргоо чараларына ар тараптуу баалоо жасады

Коом 0

Бишкек, 21.10.22./Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева бүгүн, 21-октябрда, өлкөдө социалдык коргоо жана балдарды коргоо чараларына ар тарапты баалоо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, жетим балдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдар кепилденген мамлекеттик жөлөкпулдарды жана социалдык кызматтарды алуу укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте, ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, балдардын укуктары жана кызыкчылыктарын коргогон өкмөттүк эмес уюмдардын, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Кыргызстанда социалдык коргоо жана балдарды коргоо чараларына баа берүү жана мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө балалуу жана мамлекеттик социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөр, ошондой эле бул жардамды алгандар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Мониторингдин катышуучулары Зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборунун, ошондой эле «Айданек» жашы жете электерди реинтеграциялоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө кызмат көрсөткөн социалдык кызматкерлер менен жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле, мониторингдин жана баа берүүнүн жүрүшүндө балага карата зомбулуктун ар бир учуру боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык кызматташуусу, калктын социалдык аялуу катмарынын балдарынын мамлекеттик коргоо чараларына жана социалдык жардамга жетүү укуктарынын бузулушу боюнча маселелер талкууланды.

Баалоонун жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, ата-энесиз балдарды социалдык коргоонун натыйжалуу чараларына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий