• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

COVID-19. 200 миң сомдук кенемте алуу үчүн 40 медицина кызматкеринен арыз түшкөн - Баймурзаев

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин арасынан 40 кызматкеринен 200 миң сомдук кенемте алуу үчүн арыз түшкөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин каржы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

Ал иш учурунда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом кенемте, эгерде медкызматкер же саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкери коронавирустан каза боло турган болсо анын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте төлөө каралганын айтып өттү.

Бирок кенемте төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия кызматтык иликтөө жүргүзөт.

Комиссия төмөнкү документтерге ылайык чечим кабыл алат:

- ооруну жуктуруп алуу жагдайлары тууралуу акт;
- оору тууралуу күбөлүк;
- кызматкер каза болгон учурда каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- кенемте алууга укугу бар адам тараптан кенемте алуу тууралуу арыз;
- кызматкердин ооруну жуктуруп алгандыгы же каза болгондугу боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу;
- оору майыптыкка алып келсе тиешелүү органдын эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээли боюнча корутундусу жана майыптыктын тобун аныктоо;
- үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат жана төлөмдү берүүнүн негиздүүлүгүн аныктоо үчүн башка керектүү документтер.

Анын айтымында, 3-августка карата коронавирус жуктурган 40 медкызматкерден кенемте алуу боюнча арыз түшкөн.

"Алардын төртөө боюнча кенемте бүгүн төлөнүп берилет. Калгандары керектүү документтер туура эмес толтурулгандыктан кайра иштелип чыгууда. Коронавирус жуктуруп каза болгон медкызматкер же саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө тууралуу айтсак, эки үй-бүлөгө 1 млн сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары, комиссия тарабынан калган учурлар каралууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий