• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн кыргызстандык хоккейчилер Ирандын курамасы менен беттешет

Спорт 0


Бишкек, 03.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өткөрүлөт.

“Бүгүн дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтүп, андан соң Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен саат 20:00дө оюн өткөрөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашат.

Оюндун жүгүртмөсү:

1-тур 3-мартта өтөт:
Саат 16:00 - Малайзия — Кувейт;
Саат 20:00 - Кыргызстан — Иран.

2-тур 4-мартта өтөт:
Саат 19:00 - Сингапур — Иран.

3-тур 5-мартта өтөт:
Саат 17:30 - Кувейт — Сингапур;
Саат 20:00 - Кыргызстан — Малайзия.

4-тур 6-мартта өтөт:
Саат 19:00 - Иран — Кувейт.

5-тур 7-мартта өтөт:
Саат 17:00 - Малайзия — Иран;
Саат 20:00 - Кыргызстан — Сингапур.

6-тур 8-мартта өтөт:
Саат 17:00 - Сингапур — Малайзия;
Саат 20:00 - Кыргызстан — Кувейт.

Пикир

Оставить комментарий