• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дубайдагы ММА турнири: Бүгүн Шевченко жана Эмилбековдун катышуусунда таймаш болот

Спорт 0

Бишкек, 22.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Дубайда бүгүн Phoenix Fighting Сhampionship турнири болуп, анда Кыргызстандын балбандары катышат. Бул тууралуу эл аралык WEF GLOBAl уюмунун вице-президенти Эмил ТТөлөгөнов инстаграм баракчасына жазган.

Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко Перу үчүн таймашын, беттешке франциялык Валерия Домергуа менен чыгат. Салмактык категориясы 61.2 кг чейин. Самат Эмилбеков Бразилициялык спортчу Клаудио Сезарио менен таймашат.

“Жакынкы Чыгыштын тарыхындагы ири ММА таймашы. 32 балбан – 21 улут – 10 дүйнөлүк жана аймактык чемпиондор”,-деп жазат ал өзүнүн интернет баракчасында.

Маалыматка ылайык, кечээ таразага түшүп, балбандар салмактарын текшеришкен.

Пикир

Оставить комментарий