• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дзюдочу Болот Токтогонов Германияда өткөн турнирде коло алды

Спорт 0


Бишкек, 26.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Дзюдочу Болот Токтогонов Германияда өткөн Grand Slam турниринен коло медаль утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча улуттук федерациядан кабарлашты.

Турнир 22нен 25-февраль күндөрү Дюссельдорф шаарында өткөн, ага 70 өлкөдөн келген 500гө жакын мыкты спортчулар катышкан.

Болот Токтогонов 100 кг ашык салмактык категория боюнча коло медаль багындырган.

Кыргызстандын атынан 7 дзюдочу барган.

Турнирден соң КРден барган спортчулар ошол эле шаарда 26нан 1-мартка чейин окуу-машыгуудан өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий