• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жол эреже бузган үчүн айып пулдардын өлчөмү өтө жогору, аны азайтыш керек – депутат

Коом 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Жол коопсуздугу боюнча айып пулдардын өлчөмүн өтө жогору коюп алыптырбыз, аны азайтыш керек. Мындай пикирин депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, калктын азыркы социалдык абалын эске алыш керек да. Азыр калктын 20 пайызы гана андай айыптарды төлөй алат. Эгер мындай кырдаал улана берсе, туӊгуюкка такалабыз.

"Мен бул маселени башынан бери айтып келем, жыйынтыгы жок. Жол коопсуздугунун эрежелерин толук сактоого шарт түзүлгөн эмес, ошондон улам айрым учурларда эрежени бузууга аргасыз болот экенсиӊ. Адегенде тийиштүү шарттарды түзүп, андай кийин айып салыш керек", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий