• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Кызыл Диор": Бишкекте белгилүү модельер Вячеслав Зайцевдин көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Бишкекте белгилүү модельер Вячеслав Зайцевдин "Кылыз Диор" аталыштагы көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүн маанилүү күндөрдүн бири - анткени белгилүү модельер Вячеслав Зайцев биринчи ирет Бишкекке келип олтурат. Ал Россиядагы "Модный приговор" берүүсүнүн биринчи алып баруучусу болгон.

"Аталган берүү тууралуу кеп болгондо алгач эле эске Зайцев келет. Анткени ал берүүнүн биринчи алып баруучусу болгон. "Кызыл Диор" аталыштагы ири долбоорду ишке ашырууга мүмкүн болгондугуна биз абдан кубанычтабыз. Көргөзмө бүгүн өтөт", - деп билдирди Молдокматова.

Зайцев өзүнүн чыгармачылыгына токтолуп, үй-бүлөсүндөгүлөрдүн бардыгы чыгармачылыктан алыс экендигин эске салды.

"Ал азыркы күнгө чейин саркеч кийимдердин коллекцияларын чыгарып келет. Дал ушуга окшогон инсандар дүйнөлүк моданы түзөт", - деди Ассоль Молдокматова.

Иш-чара бүгүн саат 19:00дө Frunze ресторанында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий