• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

III ДКО: БАЭден келген салбуурунчулар шумкарларын көрсөтүштү

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 04.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгүнүн алкагында Кырчын этношаарчасында “Салбуурун” салттуу аңчылыгынын фестивалынын Бириккен Араб Эмираттарынан келген катышуучулары коёндорго аңчылык кылуу боюнча мелдешке катыша турган шумкарларын көрсөтүштү.

Көрсөтүү учурунда кыргызстандык катышуучулар өздөрүнүн шумкарлары менен келишип, таанышышты. Алар биргеликте сүрөткө түшүп, канаттууларды багуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий