• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин Ички аскерлеринде жаш жоокерлер ант берди

Коом 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күн жоокерлер үчүн түбөлүк эсте калаарлык болду, анткени Мекен үчүн чын дилден кызмат өтөө ар бир эр азаматтын милдети эмеспи.

Бул күнү жаш жоокерлер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташты. Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышышты. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.

Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин Чүй областындагы өкүлү Жылдыз Жанболотова 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн командачылыгы, өздүк курамы жана ардагерлер катышышты.

Бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылбастан онлайн режиминде өттү, анткени жетекчилик өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алды. Ага карабай салтанатуу иш чара шаңдуу өтүп, жаш жоокерлер командирлерлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн алдында ант беришти.

Салтанаттуу иш чара жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш чаралары менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамык концерт да тартууланды.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүндө дагы “Шер”атайын багыттагы отрядынын түзүлгөн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин 703 аскер бөлүгүнүн, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнчө куткаруу отрядынын командалары арасында футбол боюнча турнир болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий