• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин "Шумкар" полкунун атайын операциялар отрядынын 29 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, 1992-жылы 26-февралда Ички иштер министрлигинде атайын багыттагы отряд түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келүүдө.

Полктун атайын операциялар отрядынын өздүк курамы 1999-2000-жылдары республиканын түштүгүндө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда бандиттик түзүлүштөрдү жок кылууда жана 2005, 2010-жылдары мамлекетибизде жана өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн башаламан окуяларда коомдук коопсуздукту камсыздоого активдүү катышып, өздөрүнүн кыраакылыгын, кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде аткарган.

Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Себиби атайын операциялар отрядынын кызматкерлери өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырган. Полктун атайын операциялар отряды аймактагы жасалган эң оор кылмыштардын бетин ачууда куралдуу кылмышкерлерди кармоо операциясын жүргүзүп тургандыктан, бул жакта ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда аракеттене билген жогорку даярдыктагы кызматкерлер кызмат өтөшөт.

Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында ички иштер министрлигинин 2018-жылдын 23-августундагы буйругунун негизинде тез чара көрүү отряды ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун карамагына өткөрүлүп, атайын операциялар отряды болуп өзгөртүлгөн.

Өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоого ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, полктун командири Аскат Султаналиев, полктун мурдагы командири, ардагер Жамалдин Мурзаев, полктун атайын операциялар отрядынын мурдагы командирлери, ардагерлер жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары келишти.

Иш-чарада кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюп, аларды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды.

Андан кийин куттуктоо сөзүн менен ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов айтты.

"Бүгүнкү күндө полктун атайын операциялар отрядынын кызматкелери зор тажрыйбага ээ жана алар күжүрмөн кызматтык тажрыйбаларын ар качан бекемдеп келет. Мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл-журтубуздун алдында берген антына бек туруп өз өмүрлөрүн аябай тобокелге салып ар качан күтүлбөгөн тапшырмаларды так, туура жана жоопкерчиликтүү аткарып келүүдө. Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери өлкө аймагында өткөрүлүп жаткан ар тараптуу машыгууларга катышып бай тажрыйба топтоп өздөрүнүн жоопкерчилигин дагы жогорулатып, ишин арттырат десек болот", - деди Урмамбетов.

Пикир

Оставить комментарий