• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Исаков Ысык-Көл облусунда өткөн ишембиликке катышты (сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-апрелде "Таза Жашоо" улуттук кампаниясынын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын ипподромунун аймагында өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте 20дан ашуун карагай көчөттөрүн отургузушту.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин алдындагы "Этномаданият жана ат үстүндөгү спорттук индустрияны өнүктүрүү борборунун" директору Эламан Мамытов өкмөт башчыга үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий