• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

IV көчмөндөр оюндары. Кыргызстандын боз үйүнүн сүрөтү

Маданият 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Түркияда көчмөндөр оюндарына тигилди делип социалдык тармактарда талкууланып жаткан боз үй Изник шаарында (Түркия Республикасы) өтүпжаткан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тиешеси жок. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, аталган боз үй Түркиянын Бурса шаарындагы "Меринос" сейил багында өткөн "Манас" жумалыгына карата Түркиянын Чубук кыргыздары тарабынан тигилген боз үй болуп саналат жана "Манас" жумалыгынын жумушчу тобу үчүн гана тигилген.

Ведомстводон төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткандыгын жана тигилген боз үйлөрдү төмөндөгү сүрөт тастыктай тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий