• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көндүмдөрү өнүктүрүү үчүн Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен долбоор башталат

Билим 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Швейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосунун алкагында ишке аша баштаган Кыргызстандагы көндүмдөрдү өнүктүрүү долбоору, стипендиялык программалар, PISA изилдөөсүнө даярдык, окутуу санариптештирүү, билим берүү тармагын колдоодо эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгү талкуулашты.

Элчи министрге алгачкы жолугушуудагы жылуу маанай үчүн ыраазычылык билдирип, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады. Ошондой эле ал жакынкы күндөрү Швейцария өкмөтүнүн стипендиялык программасы жана бул программага катышууну каалаган кыргыз жарандары үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат жарыяланарын билдирди.

Министр КРдагы билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү, билим берүүнү экспорттоо, кесиптик билим берүү өлкө экономикасынын негизин түзүүчү факторлордун бири экенин айтты.

Каныбек Иманалиев эл аралык донорлордун көмөгү менен Кыргызстан БУУ тарабынан бекитилген Туруктуу өнүгүү максаттары жаатында дүйнө жүзү боюнча 45-орунга көтөрүлгөнүн кубануу менен белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагын колдоо боюнча кыргыз-швейцария мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий