• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кадамжайдагы ири жол кырсыгы. Окуянын чоо-жайы иликтене баштады

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Кечээ, 21-майда катталган Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылындагы "Чечме" көзөмөл өткөрүү пунктунда катталган жол кырсыгынын себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айдоочусу "Хово-Трал" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичине (прицебине) "Самсунг" үлгүсүндөгү жол сүрүүчү (погрузчик) трактор техникасын жүктөп алып, Баткен районунун Бөжөй айылына жаратылыш кырсыгынан улам жабыркаган сел кесепеттерин жоюу максатында бара жатып, белгисиз себептерден автоунаанын ылдамдыгы төмөндөбөстөн айдоочу башкарууну жоготуп койгон. Жыйынтыгында өткөрүү пунктунун тосмолорун бузулуп, ошол жерде көзөмөл постто кезек күтүп турган унаалар жана адамдарды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен.

Бул кырсыктан автоунаа жараксыз абалга келип, 8 киши каза болгон, алардын бирөөсү өзбекстандык. Ал эми 11 киши денесинен ар кандай жараат алып, жергиликтүү ооруканага кайрылышкан, алардын бирөөсү өзбекстандык.

Ошол эле күнү каза болгондордун аты-жөнү такталып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Азыркы күндө денесинен жараат алгандарга соттук медициналык, ал эми жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, келтирилген материалдык зыяндардын өлчөмү аныкталып, тактоо иштери Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий