• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кемин райондук ооруканын инфекциялык бөлүмү толугу менен оңдолду - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Инфекциялык бөлүмдүн имараты 1968-жылы курулган жана акыркы 15 жылдын ичинде эч кандай оңдоо иштери жүргөн эмес. Оңдоп-түзөөдөн кийин бейтаптарды санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралып, жалпы эле район калкы үчүн сапаттуу медициналык тейлөө алуусуна шарт түзүлдү.

930 чарчы метрди түзгөн имараттын жалпы баасы 17 млн 926 миң 260 сомду түзөт. Анын ичинен донор тарабынан грант түрүндө 17 млн 274 миң 947 сом, ал эми райондук мамлекеттик администрация тарабынан 896 миң 313 сом бөлүндү.

Маалымат үчүн: "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн АКШ доллар. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар.

Пикир

Оставить комментарий