• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.03.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан район жана шаар аймагындагы кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көрчүү боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулук жогору болгон аймактардагы жашоочуларды, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлуп, калктуу конуштун жашоочулары көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экендиги адистер тарабынан баса белгиленүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек облус аймагында 1 миң 160 үй-бүлө жер көчкү, сел каптоо, таш кулоо, кар көчкү түшүү кооптуулугу бар аймакта жашап келишет.

Пикир

Оставить комментарий