• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кочкор районунда мектептин спорт залын сапатсыз кургандарга кылмыш иши козголду

Коом 0


Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Турак-жай жана граждандык курулуш департаментинин алдындагы Нарын райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында "ГлавПроектСтрой" ЖЧКсы тарабынан Кочкор районунун Төлөк айылындагы орто мектептин спорт залы курулуш нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу менен курулганына карабастан, 2019-жылы Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери бул объектти курулуш нормаларына ылайык деп пайдаланууга кабыл алышкан.

Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "ГлавПроектСтрой" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн 8 млн 465 миң 306 сомго келишимге ылайык, спорт залдын курулушу 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Бирок, иш жүзүндө Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгы көрсөтүлгөн мөөнөттө подрядчыга 9 млн 774 миң 768 сом которгон.

Соттук-курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 400 миң сомго жакынды түзгөн.

Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий