• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР таэквондочулары Казакстанда өткөн чемпионатта үч “алтын” утушту

Спорт 0

Бишкек, 27.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык таэквондочулар Казакстандын Алмата шаарында 24-25-февраль күндөрү өткөн ачык чемпионатта үч алтын медаль утушту.

Спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдеште Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышкан.

“Биздин өлкөнүн атынан үч жаш спортчу барды, алар машыктыруучу Назира Утешова менен Виталий Олейниченконун тарбиячылары. Жыйынтыгында үчөө тең бирден алтын медаль жана бир күмүш утушту”,-деп кабарлашты федерациядан.

Жеңишке жетишкен спортчулардын тизмеси: Бактыбек кызы Айжан, Адинай Романова жана Эльзада Матиева.

Пикир

Оставить комментарий