• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРнын пара пауэрлифтинг боюнча курама командасы Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын пара пауэрлифтинг боюнча улуттук курама командасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш 4-8-декабрь күндөрү Таиланддын Накхон Ратчасима шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • Миргүл Болоталиева;
  • Эсен Калиев;
  • Темирлан Руслан уулу;
  • Азизбек Нарбаев.

Курама команда машыктыруучу Жыргалбек Оросбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий