• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

КРнын жиу-житсу комбат боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатында 20 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу комбат боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында 20 медаль жеңди. Анын - 10 алтын, 5 - күмүш жана 5 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Дүйнө биринчилиги 7-13-ноябрь күндөрү Латвиянын Даугавпилс шаарында өткөн. Ага 28 мамлекеттен келген спортчулар катышты.

Кыргызстандын курама командасы 3-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Фул контакт: алтын медалдын ээлери:

- Бектур Жоробеков (77 кг);
- Бакыт Кадыров, Алмаз Акун (85 кг);
- Жайыл Жакшылык уулу (93 кг).

Коло медалдын ээлери:
- Амантур Эсенов (40 кг);
- Арлен Жолдошев (55 кг);
- Сталбек Эсенов, Барсбек Ысманов (60 кг).

Граунд файт: Алтын медалдын ээлери;
- Марс Көлбаев (63 кг);
- Бектур Жоробеков (77 кг);
- Алмаз Акун (85 кг).

Күмүш медалдын ээси:
- Бакыт Кадыров, Жайыл Жакшылык уулу (85 кг);

Коло медалдын ээси:
- Нурлан Сарбашев (77 кг);

Кросс контакт: Алтын медалдын ээлери;
- Марс Көлбаев (63 кг);
- Бакыт Кадыров, Алмаз Акун (85 кг);

Күмүш медалдын ээлери:
- Бектур Жоробеков (77 кг);
-Жайыл Жакшылык уулу (85 кг);
-Тамчы Эсенбек уулу (93 кг).

Пикир

Оставить комментарий