• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кудайберген Базарбаев БУУнун Өнүктүрүү программасынын КРдагы туруктуу өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолукту.

Мамагенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев Александра Соловьеваны туруктуу өкүл болуп дайындалышы менен куттуктап, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

"Агенттиктин башчысы ошондой эле жергиликтүү жамааттардын уставын жаңылоону колдой тургандыгын, ал коомдук биримдикти эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгиледи. Андан тышкары анда чыр-чатактардын алдын алуу жана ашыкча ысырапкорчулук маселелери эске алынганын айтып өттү", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлү жемиштүү иш үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий