• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатындагы Кыргызстандын курама командасынын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Чүчүкулак тартуу аземи бүгүн, 19-январда өттү. Жалпысынан мелдеште 16 курама катышат. Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча төрт командадан турган төрт тайпа түзүлдү.

А тайпасы: Сауд Аравия, Афганистан, Бахрейн, Тайланд.
B тайпасы: Өзбекстан, Малайзия, Иран, БАЭ.
С тайпасы: Индонезия, Кытай, Ливан, Япония.
D тайпасы: Кыргызстан, Кувейт, Палестина, Оман.

Эске салсак, турнирдин форматы боюнча 1/4 финалга ар бир тайпадан экиден команда чыгат.

Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты 16-26 март күндөрү Таиланддын Паттая шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий