• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги "Куруучулар шаарчасында" 66 светодиоддук чырак орнотулду

Коом 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Бишкектеги "Куруучулар шаарчасында" сырткы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган шаарчага 66 светодиоддук чырак, 18 даана темир-бетон мамычалары орнотулду, ошондой эле 661 метр узундуктагы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Мындан тышкары, энергетиктер 1100 метр узундуктагы кабелдик электр чубалгыларын тартып, 44 даана темир мамыларды, чырактар үчүн 20 кронштейн орнотту.

Белгилей кетсек, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы темир тирөөчтөрдү, бетон негиздерди өзүнүн цехинде чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий