• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Австриянын экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Австриянын Санариптик жана экономикалык иштер федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору, Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Франц Вессиг менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 9-июнда Вена шаарында эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-австрия ТИМдер аралык консультацияларынын кезектеги раундуна катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, 27-28-сентябрда Бишкекте өтө турган Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 8-жыйынын өткөрүү жана анын алкагында кыргыз жана австрия ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-австрия бизнес-форумун уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле айыл чарба, жеңил өнөр жайы, гидроэнергетика жана туризм тармагындагы кыргыз-австрия кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий