• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда «Автомото-2017» фестивалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 8-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда алгачкы ирет “Автомото-2017» аталышындагы эң чоң фестиваль өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Фестиваль 17-июнда Бишкекке жакын жайгашкан Көк-Жар айылында уюштурулат.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын өкүлдөрү катышат. Программада автошоу, дербишоу, согуш автоунаалары, «Мисс Autofest -2017» сынагы жана башка бир катар оюндар көрсөтүлөт.

“Көрүүчүлөрдүн назарына эң мыкты автомобилдик долбоорлор тартууланат: 4х4, стенс, ретро, стайлинг, автоүн, мотто», мындан тышкары Орусиянын ырчылары жана Бишкектеги таанымал ди-джейлердин катышуусундагы «Open Air» шоу программасы тартууланат”- деп билдирди уюштуруучулар.

Пикир

Оставить комментарий