• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет — сандар жана фактылар

Билим 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө мугалимдердин күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды.

Улуттук статистика комитети даярдаган маалыматта айтылгандай, 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

2021-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 9 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.

Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 116 миңге жакын педагогдор 2 миллионго жакын тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 83 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 26 миңге жакын шаардык, 58 миңден ашуун айыл жерлериндеги мугалимдер.

2021-2022-окуу жылынын башына карата республикада 2 миң 333 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 8 пайызы директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2021-2022-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгынын жогорку билимдери бар болгон.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 21 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде - 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

2021-2022-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматчылар бүтүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий