• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды

Билим 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-2023-жылдардын базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болмок.

"Бирок министрлер кабинети бекиткен 2022-жылга карата өндүрүш планына ылайык, 7 жана 8-ноябрь календарда кызыл даталар болуп саналгандыктан мектеп окуучулары 9-ноябрда мектепке барышат", - деп белгилешти министрликтен.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Буга байланыштуу быйылкы жылдын ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат.

Пикир

Оставить комментарий